2026-жылдын 15-апрель күнү И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунда Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарын жана «Он эки жылдык мектептик билим берүүгө өтүү» концепциясын ишке ашыруу максатында “Келечекке кадам: 12 жылдык билим берүүдө математика” аттуу математика боюнча эл аралык олимпиаданын финалдык туру ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Аталган олимпиада болочок математика мугалимдеринин кесиптик даярдыгын күчөтүү, алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, чыгармачылык жана илимий потенциалын колдоо, ошондой эле 12 жылдык билим берүү шартында математиканы окутуунун жаңы ыкмаларын жайылтуу максатын көздөдү.

Олимпиадага Ж.Баласагын атындагы КУУ, И. Арабаев атындагы КМУ, ОшМУ, ОшМПУ, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ, КУУнун Нарын кампусунан, о.э. Казакстан Республикасынын Шакарим университетинен жалпы 66 студент катышты. Алардын арасынан мыкты көрсөткүчтөрдү жараткан 23 студент финалдык турга жолдомо алды.

Финалдык тур Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 6-окуу имаратында өткөрүлүп, катышуучулар математика боюнча жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү.

Жыйынтык боюнча байгелүү орундар:

  • 1-орун — Файзулла кызы Алтынай, Ж.Баласагынатындагы КУУнун И.Ч. Исамидинов атындагыпедагогикалык институту, 2-курс
  • 2-орун — Алиева Айгерим Абдималиковна, Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Ч. Исамидиноватындагы педагогикалык институту, 2-курс
  • 3-орун — Келдибекова Сайкал Келдибековна, И. Арабаев атындагы КМУ, 2-курс

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде калыстар тобунун төрагасы, п.и.д., профессор Шаршеналы Алиев жана институттун директору п.и.д., профессор Рахат Сулайманова жеңүүчүлөргө дипломдорду жана сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшырышты.

Жеңүүчүлөр I, II жана III даражадагы дипломдор жана статуеткалар, финалдык турга катышкан калган студенттер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Студенттерди олимпиадага даярдаган методисттер жана уюштуруучулар Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректорунун ыраазычылык каттары менен белгиленишти.

Бул олимпиада 12 жылдык билим берүү шартында математикалык билим берүүнүн мазмунун жаңылоо жана сапаттуу кадрларды даярдоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп эсептелет.

(С) Айсулуу Эгамбердиева — директордун илимий иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий