2026-жылдын 15-апрелинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруу алкагында окуу жайдын Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулган «Ааламдашуу доорунда улуттук аң-сезим жана руханий мурас» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Ааламдашуу шартында улуттук иденттүүлүктү сактоо жана руханий баалуулуктарды трансформациялоо маселелерин талкуулаган жыйынга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун «Философия» багытынын 2-курс студенттери жигердүү катышып, терең мазмундуу илимий изилдөөлөрүн сунушташты:

  • Амантур кызы Айпери – «Ааламдашуу шартында улуттук аң-сезимдин трансформациясы: философиялык жана антропологиялык талдоо» деген темада баяндама жасады (илимий жетекчиси – ф.и.к., доцент Э. Дж. Апсаматова).
  • Туратбекова Жаркын – «Улуттук аң-сезим жана коомдук конфликттердин философиялык аспектилери» аттуу изилдөөсүн сунуштады (илимий жетекчиси – ф.и.к., доцент А. Т. Качкынова).

Жаш окумуштуулардын баяндамалары катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратып, актуалдуулугу жана илимий анализинин тактыгы менен өзгөчөлөндү.

Студенттерди илимий иштерге жогорку деңгээлде даярдагандыгы жана жаш изилдөөчүлөрдүн потенциалын өстүрүүгө кошкон салымы үчүн КУУнун доценттери Аида Качкынова менен Эльвира Апсаматова уюштуруу комитети тарабынан атайын сертификаттар менен сыйланышты. Студенттерге дагы илимий апробациядан ийгиликтүү өткөндүгү үчүн тастыктамалар тапшырылды.

Өткөрүлгөн конференция И.Арабаев атындагы КМУнун Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасы менен Ж.Баласагын атындагы КУУнун Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын ортосундагы академиялык байланыштарды бекемдөөдө маанилүү кадам болду.

Эки университеттин кафедралары ортосундагы кызматташтыктын келечеги төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • биргелешкен илимий-методологиялык семинарларды жана тегерек столдорду өткөрүү;
  • санариптик антропология жана улуттук иденттүүлүк чөйрөсүндөгү дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү иштеп чыгуу;
  • Кыргызстандын жаш окумуштуулары үчүн бирдиктүү интеллектуалдык аянтчаны калыптандыруу.

Окуу жайлар ортосундагы мындай өнөктөштүк өлкөдөгү философиялык ой-тутумду өнүктүрүүгө жана руханий мурастарды заманбап илимдин тили менен изилдөөгө чоң өбөлгө түзөт.

(С) Э.Дж.Апсаматова — философия илимдеринин кандидаты, доцент

Добавить комментарий