2026-жылдын 9-апрелинде Тарых жана чөлкөм таануу институту, Эл аралык колледж жана Кесиптик колледж Аламүдүн районунун Гроздь жана жана Чүй орто мектептерине барып, кесипке багыт берүү иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга кесип тандоонун сырлары, жогорку окуу жайлардагы кенен мүмкүнчүлүктөр жана ар бир кесиптин кызыктуу жактары тууралуу кеңири баяндалды. Мындай жолугушуулар жаш жүрөктөргө билим отун жандырып, алардын эртеңки күнгө болгон ишенимин чыңдары шексиз.

Тарых жана чөлкөм таануу институтунун доценти Шейшеканов Т.Б. насаат сөзүндө: «Ар бир инсан өз тагдырынын устаты»,- деп баса белгилеп, кыргыз элинин даңктуу инсандарынын арасында ушул эле институттун бүтүрүүчүлөрү бар экендигин өзгөчө мактаныч менен баса белгиледи. Окуучулар улуулардын артынан ээрчүүгө шыктанышты.

Эл аралык колледждин студенттери чет тилдердин дүйнөсүнө кыскача саякат уюштурушту. Алар француз жана англис тилинде окуучуларга кайрылып, тил билүүнүн керемет күчү жөнүндө айтып беришти. Өздөрүнүн жашоосунан кызыктуу мисалдарды келтирип, жаштарга келечегин туура тандоого жардам бере турган пайдалуу кеңештерин аяшкан жок.

Кесиптик колледжден келген өкүлдөр ар бир кесиптин өзүнүн бир сыры бар экенин, эң негизгиси жүрөк каалаганын тандоо керектигин айтып беришти. Алардын сөзүнө көмүскөдөй болуп, бүткүл залдын көңүлүн өзүнө бурган бир көрүнүш болду. 52 жаштагы студент трибунага көтөрүлүп, окуучуларга тынч, бирок терең сезим менен: «Кесип тандоо эч качан кеч эмес!» — деди. Анын сөздөрү залды кызыктырып, ар бир жаштын көңүлүнө жылуу күндөй түштү. Ал адам каалаган курагында жаңы багытты тандап, жаңыча жаркырай аларын далилдеди.

 Окуучуларга буклеттер таркатылып, кызыктуу видео роликтер көрсөтүлүп, иш-чара шаңдуу өттү.

(С) Дилдебаева Айтолкун — Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун жетектөөчү адиси

2026-жылдын 13-апрелинде Аламүдүн районундагы жалпы билим берүү мектептеринде кесипке багыт берүү иш-чаралары ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул күнкү иш-чарага Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Жусубалиев Абдикайым баштаган институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери жигердүү катышышты.

  • Дин таануу кафедрасы – заманбап коомдогу диндердин орду жана диний сабаттуулуктун мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү;
  • Педагогиканын жогорку мектеби – бардык башка кесиптер дал ушул педагогикадан чыгарын, ансыз эч бир адис калыптанбасын жөнөкөй тилде түшүндүрүп берди;
  • Психология кафедрасы – клиникалык жана жалпы психологиясы бар;
  • Социалдык иштер кафедрасы – окууну аяктагандан кийин социалдык кызмат көрсөтүү борборлорунда, билим берүү жана саламаттык сактоо уюмдарында иштөө мүмкүнчүлүгү менен окуучуларды кызыктырды.

Аталган иш-чаралардын негизги максаты – жогорку окуу жайлардын адистиктерин кеңири тааныштыруу, окуучулардын келечектеги кесибин тандоосуна жардам берүү жана улуттук университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн аймактарга жеткирүү болгон.

Ошондой эле, Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директордун тарбия иштери боюнча орун басары Касымкулов Келдибек активдүү катышып, тарых, археология, музеология жана чөлкөм таануу багыттарындагы адистиктердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, келечек ар бирөөнүн колунда экенин айтып, жаштарга дем-күч берип келди. Андан тышкары, Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, университеттеги студенттик жашоо, билим алуу шарттары жана журналисттик чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.

Жолугушуулар төмөнкү мектептерде өткөрүлдү:

  • Октябрь айылындагы Байтик Канай уулу атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеп;
  • “Аманат” жалпы билим берүүчү орто мектеби.

Бул мектептердин окуучуларына улуттук университеттин факультеттери, кесиптер, кабыл алуу шарттары, стипендиялык программалар жана студенттик жашоо жөнүндө кеңири маалымат берилди. Окуучулардын суроолоруна жандуу жооптор берилип, аларга университеттин логотиби түшүрүлгөн буклеттер жана башка маалыматтык материалдар таратылды.

Иш-чара жогорку маанайда, кызыктуу жана пайдалуу өттү. Мектеп администрациясы ыраазычылык билдирип, КУУнун өкүлдөрүн жылуу маанайда узатышты. Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун жетектөөчү адиси Дилдебаева Айтолкун

(С) Дилдебаева Айтолкун — Карьера, ишке орноштуруу жана кесипке багыт берүү борборунун жетектөөчү адиси

Добавить комментарий