2026-жылдын 10-апрелинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 30 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу Өнөр кечеси өткөрүлдү. Бул маанилүү иш-чара факультеттин тарыхындагы өзгөчө датага арналган жана жогорку деңгээлде уюштурулду.

Кеченин жүрүшүндө университеттин жетекчилиги тарабынан факультеттин жетишкендиктери, тарыхый баскычтары жана бүгүнкү күндөгү ийгиликтери белгиленип, окутуучуларга, кызматкерлерге жана студенттерге жылуу куттуктоолор айтылды. Ошондой эле студенттер тарабынан даярдалган көркөм номерлер, музыкалык жана маданий чыгармалар тартууланып, майрамдык маанай тартуулады.

Иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө Кесиптик бирлик комитети жана анын төрагасы Кубанычбек Жумабеков чоң колдоо көрсөттү. Ошондой эле жогорку деңгээлде уюштурулушуна салым кошкондугу үчүн университеттин Кесиптик бирлик комитетине терең ыраазычылык билдиребиз. Бул өнөр кечеси факультеттин ынтымагын бекемдеп, муундар ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.

(С) Джапарова Г.Э. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары 

Добавить комментарий