2026-жылдын 11-апрелинде Сүлүктү шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры И.Раззаковдун күмбөзүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чара улуу инсандын киндик каны тамган Коросон жергесинде уюштурулду.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ташбалтаев А.К, Жогорку Кеңештин депутаты И.Жороев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы К.Молдокасымов, демөөрчү — “Шыдыр жол Кей Джи” акционердик коомунун директору Т.Оргалча, Лейлек районунун акими А.Жеңишбек, ардактуу аксакалдар, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана И.Раззаковдун туугандары катышышты.

Иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү институту тарабынан даярдалган, И.Раззаковдун балалык чагын чагылдырган чакан сахналаштырылган көрүнүш менен башталып, салтанаттуу бөлүгүн Сүлүктү шаарынын мэри Б.Абдыжапаров ачып, сөз сүйлөп, келген конокторго кезеги менен сөз берилип, маркумга багышталып куран окулду.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө улуттук спорттун түрү болгон Лейлек күрөшү уюштурулуп, Баткен облусунун аймагынан келген балбандар күч сынашты. Таймаштар жогорку деңгээлде өтүп, көрүүчүлөргө өзгөчө маанай тартууланды.

Бул иш-чара улуу инсан И.Раззаковдун жаркын элесин даңазалоо менен бирге, улуттук баалуулуктарды сактоого жана муундар ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган маанилүү окуя болуп калды.

(С) Айша Абдиева — ФжПББ кафедрасынын ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты

Добавить комментарий