Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ботаникалык багында Кыргызстан флорасында сейрек кездешүүчү «Айгүл гүлү» (илимий аталышы «Эдуарддын гүлчамбары») алгачкы жолу гүлдөдү.
Бул уникалдуу өсүмдүк жоголуп кетүү коркунучунда турат, 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. «Айгүл гүлү» Баткен аймагындагы Айгүл-Таш тоосунда гана өскөндүктөн, аны чогултууга мыйзам тарабынан тыюу салынган.
Белгилей кетсек, «Айгүл гүлүнүн» пиязы 2019-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылынан алып келинип, ботаникалык бакка отургузулган. Быйыл биринчи жолу гүлүн ачты.
(С) Г.Ч.Донбаева — КУУнун ботаникалык бакчасынын директору