2026-жылдын 31-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев Кытай коомдук илимдер академиясынын (ККИА) эл аралык кызматташтык бюросунун башкы директорунун орун басары Ли Ян айым баштаган өкүлдөрүн кабыл алды.
Ректор ушул жылдын 28-январында Улуттук университетте ачылган «Китеп үйү» эки өлкөнүн ортосундагы жакшы мамиленин натыйжасы экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда ал ийгиликтүү иштеп жатат, көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп, жакшы пикирлер айтылууда. Китеп үйүнө келгендерди жасалма интеллект технологиясы менен жабдылган акылдуу көз айнектер өзгөчө таасирлентет.
ККИА делегациясынын жетекчиси жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, КУУда Китеп үйүнүн ачылышы тууралуу маалымат Кытайдын эң башкы жаңылыктар лентасында чагылдырылганын билдирди. «Биздин биргелешкен ишибиз токтоп калбайт жана чоң жемиштерди берет деп үмүттөнөбүз. Биздин жана сиздердин эксперттер жашыл энергетика, жасалма интеллект, юриспруденция жана башка көптөгөн маселелер боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт», — деп белгиледи Ли Ян айым. Ал ошондой эле КУУнун окумуштууларын кытай тилин изилдөө боюнча Альянстын эксперттери болууга чакырды, анын мүчөлөрү дүйнөнүн 160тан ашык университеттери, ал эми студенттерди ККОИА университетинин академиялык мобилдүүлүк программасына катышууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар Ж.Баласагын атындагы КУУ менен ККИАнын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.