2026 жылдын 27-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Бозжол» философиялык изилдөө борборунда «Кыргыз философиялык ой жүгүртүүсү: концептуалдык негиздери жана келечекке горизонттору» долбоорунун алкагында «Чай үстүндө китеп талкуу» аттуу интеллектуалдык иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү.

Талкуунун борборунда Бенедикт Андерсондун дүйнөгө белгилүү «Элестеги коомчулуктар» (Imagined Communities, 1983) аттуу эмгеги болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө улут жана улутчулдук маселелери заманбап илимий дискурс алкагында кеңири талкууланып, Андерсондун негизги концепциялары терең анализденди. Өзгөчө төмөнкү маселелерге көңүл бурулду:

  • улуттун «элестетилген коомчулук» катары түшүндүрүлүшү;
  • улуттук аң-сезимдин тарыхый калыптанышы;
  • басма капитализмдин (газета, китеп, тил) ролу;
  • империялардан улуттук мамлекеттердин пайда болушу;
  • карта, санак, музей сыяктуу символдук инструменттердин мааниси;
  • улут, өлүм жана эс тутум маселелери.

Талкуу ачык форматта өтүп, активдүү суроо-жооп жана пикир алмашуу менен коштолду.

Докладчы: Арген Кадыров — философия илимдеринин кандидаты, борбордун илимий кызматкери

Иш-чарага академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты, алардын ичинде:

  • Айдарбек Кочкунов — тарых илимдеринин доктору, профессор
  • Токтосунова Адаш — саясат таануу илимдеринин доктору, профессор
  • Тимур Надыршин жана Бакай Маратов — Ала-Тоо Эл аралык университетинин окутуучулары
  • Элеонора Степовская — УИАнын Философия институтунун илимий кызматкери.

Иш-чара философия, саясат таануу, тарых жана антропология тармагына кызыккан студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн маанилүү интеллектуалдык платформа болуп берди.

 Кийинки талкуулар үчүн пландалган китептер:

  • Арслан Койчиев — «Добул таштык Заратустра»
  • Баатырбек Аманалиев — «Кыргыз элинин философиялык ой жүгүртүү тарыхынан» (1963)
  • Юк Хуэй — «Пост-Европа» (2025)
  • Бруно Латур — «Биз эч качан заманбап болгон эмеспиз»
  • Гаятри Спивак — «Эзилгендер сүйлөй алабы?» (1985)
  • Саветбек Абдрасулов — «Бозжол — адамдын ыйык жолу…»
  • Питер Бергер жана Томас Лукман — «Социальное конструирование реальности».

Бул сериялык талкуулар заманбап философиялык жана коомдук ойлорду терең түшүнүүгө багытталган ачык интеллектуалдык аянтча катары улантылат.

Добавить комментарий