2026-жылдын 19-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун 70 жылдык мааракесине арналган “Таланттуу журналист жана гуманист жазуучу Абдиламит Матисаков 70 жашта” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзу жана Кыргыз улуттук университети тарабынан биргеликте уюштурулуп, ага көрүнүктүү коомдук ишмерлер, окутуучулар, жаш калемгерлер жана студенттер катышты.
КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев эл жазуучусун 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, Абдиламит Матисаков эмгек жолунда бир гана чыгармачылык эмес, жооптуу жетекчилик кызматтарды да аркалаганын белгиледи жаа «А.Матисаковдун калеминен жаралган ар бир чыгарма — улуттун руханий байлыгы, элдин жан дүйнөсүнүн күзгүсү, агайдын чыгармачылыгы менен бирге адамдык сапаттары да жаштар үчүн үлгү болуп келет», — деди. Ректор о.э. автордун «Миң булак» аттуу китебинин биринчи бет ачары 2024-жылы болуп, эки жылдан соң республикага кучагын жайган «Матисаков мектебинин» мүчөлөрүнүн чыгармалары «Миң булак-2» болуп басылып чыгышы маанилүү окуя экенин белгиледи.
Академик Миталип Мамытов эл жазуучусунун ар бир чыгармасында терең ой, философия жана улуттук рух бар экенин белгилеп, «Матисаков кыргыз адабиятына өзүнүн өзгөчө стилин алып келген жазуучу», — деди.
Улуттук Жазуучулар Союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев А.Матисаков — аңгеме, эссе жанрынын устаты, анын устаттык мектеби уникалдуу экенин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө о.э. Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, академиктер Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, илимдин докторлору Жолборс Жоробеков, Садык Тиллебаев, Абдыганы Халилов Абдиламит Матисаковдун жазуучулук, журналисттик, жетекчилик, инсандык бейнесиндеги өзгөчөлүктөрдү белгилеп, илимий баяндамаларында анын эмгектери кеңири талкууланды.
Ал эми журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк Абдиламит Матисаковдун мектеби — университеттин эле масштабында эмес, жалпы республиканын деңгээлинде таланттуу студенттердин башын кошууга, алардын чыгармачыл дараметин көтөрүүгө даяр болуп калганын баса белгиледи. Анткени, Абдиламит Мурзаевич көрүнүктүү жазуучусу гана эмес, ал улуу устат. Ал КУУдагы студенттерге журналисттик ишмердүүлүктүн негиздери, жанрларын үйрөтсө, «Матисаков мектебинен» чыгармачылык чабытын ачкан калемгерлерди өстүрөт.
Конференциянын алкагында «Матисаков мектеби» адабий бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан даярдалган «Миң булак-2» аңгемелер жыйнагынын бет ачары жана Улуттук Жазуучулар Союзу уюштурган Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков атындагы жаш аңгемечилердин республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Мааракелик иш-чара жазуучунун кыргыз адабияты менен журналистикасына кошкон зор салымын дагы бир ирет даңазалап, анын чыгармачылыгы келечек муундар үчүн баалуу мурас экенин тастыктады.
(С) Бегимай Бактыбек кызы — Басма сөз кызматынын башкы адиси
(С) Перизат Джаныбекова — Журналистика жана коммуникация институтунун адиси


