Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий иштер боюнча проректору, психология илимдеринин доктору Мырзабек Камчыбек уулу КУУнун Нарын кампусуна барып, окутуучу-профессордук курамга жана педагогика багытында окуган студенттерге «Психология илимдеринин азыркы учурдагы актуалдуу маселелери жана келечектеги перспективалары» деген темада лекция окуду.
Психология илими бүгүнкү күндө актуалдуу болгондуктан, студенттер кызыгуу менен угушту. Лекциянын соңунда пикир алмашуу болуп, окутуучу-профессордук курам жана студенттер лекторго баяндама үчүн ыраазычлыгын билдиришти.
(С) Качкын уулу Алтынбек — Илим жана илимий-аналитикалык ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы