8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналы өзүнүн 15 жылдык мааракесине арналган салатантуу кече өткөрдү.
Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин төмөндөгү кызматкерлери катышып, “Кыргызымдын мырзайымы” диплому жана төш белгиси менен сыйланышты, ал эми сүрөттөрү журналдын юбилейлик санына жарыяланды:
1. Асель Калдиева — Кесиптик колледждин директорунун окуу иштери боюнча орун басары;
2. Айжан Керимкулова — Эл аралык колледждин директору:
3. Элла Жакшылыкова — Юридикалык колледждин директорунун окуу иштери боюнча орун басары;
4. Айсулуу Молдобаева — Кыргыз-Кытай изилдөө институтунун Магистратура жана PhD доктарантура бөлүмүнүн башчысы.
(С) Элла Жакшылыкова — Юридикалык колледждин директорунун окуу иштери боюнча орун басары