2026-жылдын 6-мартында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда 8-Март – Айымдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чараны институттун директору Амантур Рыспаев ачып, институттун айымдарын 8-март майрамы менен куттуктады. Ал аялзатынын коомдогу орду өзгөчө мааниге ээ экендиги, алардын үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен катар билим берүү, илим жана технология тармагында активдүү эмгектенип жаткандыгын белгиледи жана маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект сыяктуу заманбап илимий-техникалык багыттарда аялдардын катышуусу жана алардын интеллектуалдык потенциалы бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу экендигин баса көрсөттү.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө институттун билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар айым окутуучуларга жана кызматкерлерге ыраазычылык каттар тапшырылды. Мындан тышкары, окуу процессинде жогорку жетишкендиктерге жетишип, коомдук жана илимий иштерде активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан студент кыздар да белгиленип, аларга мындан аркы билим алуу жана кесиптик өнүгүү жолунда ийгиликтер кааланды.

Майрамдык иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен улантылып, анда музыкалык чыгармалар, көркөм окуулар жана чыгармачыл номерлер тартууланды. Бул программа катышуучуларга майрамдык маанай тартуулап, институттун жамаатынын ынтымагын жана биримдиги дагы бир жолу даңазалады. Иш-чаранын соңунда институттун жетекчилиги бардык айымдарды 8-март – айымдардын эл аралык майрамы менен дагы бир жолу куттуктап, аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык шыктануу жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүктө жаңы жетишкендиктерди каалады.

(С) А.Рыспаев — институттун директору

Добавить комментарий