2026-жылдын 26-февралында Биология факультетинде “Жашыл экономика жана жашыл университет: туруктуу өнүгүүнүн модели” деген темада конок лекция уюштурулду. Лекцияны И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык коммуникациялар жана инвестициялар боюнча проректору, табият таануу институтунун директору Жалилова Гульназ Тажибаевна окуду.
Иш-чаранын максаты – студенттерге жана окутуучуларга жашыл экономиканын принциптерин, туруктуу өнүгүү концепциясын жана жогорку окуу жайларында экологиялык башкаруу системасын киргизүүнүн маанисин түшүндүрүү болду.
Лекцияга факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар жана студенттер активдүү катышышты. Конок баяндамачы өз сөзүндө дүйнөлүк тажрыйбадагы жашыл экономикага өтүүнүн негизги багыттарын, ресурстарды үнөмдөө, энергия натыйжалуулугу, көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтуу, ошондой эле экологиялык билим берүүнүн ролун белгиледи.
Айрыкча “жашыл университет” моделин ишке ашыруунун механизмдерине токтолуп, окуу процессине экологиялык компоненттерди интеграциялоо, кампустун аймагында таштандыларды сорттоо, сууну жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу, жашыл аймактарды көбөйтүү сыяктуу практикалык кадамдар тууралуу маалымат берилди.
Талкуу бөлүгүндө студенттер жашыл технологиялар, кайра жаралуучу энергия булактары жана университеттин деңгээлинде экологиялык демилгелерди ишке ашыруу боюнча суроолорун узатышты. Конок лекция интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.
Биология факультети мындан ары да экологиялык билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган илимий-агартуу иш-чараларын туруктуу негизде өткөрүүнү улантат.
(С) Карипова Назгул — жалпы биология, экология жана лабораториялык иш кафедрасынын ага окутуучусу