2026-жылдын 26-февралында Химия жана химиялык технологиялар факультетинин “Медициналык жана фармацевтикалык химия” багытынын 3-курс устуденти Асель Аманбекова «Гражданское общество» фонду тарабынан уюштурулуп, ЮНИСЕФ жана Европа биримдиги тарабынан колдоого алынган «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» долбооруна тандалып алынган эң мыкты демилгелүү активисттердин катарына кирип, Ош шаарына барып катышып келди. Белгилей кетсек, Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти Аселди долбоорго даярдоого көмөк көрсөтүп, анын катышуусуна уюштуруучулук жана кеңеш берүү менен бирге колдоо көрсөткөн.
Долбоордун алкагында 2пилоттук аймактарда — Ош, Нарын, Талас, Сузак жана башка жерлерде тааныштыруу жолугушуулары өткөрүлдү. Асель Ош шаарына багытталган топко тандалды. Бул багыт боюнча жалпысынан 300 студент арыз берип, алардын ичинен болгону 40 студент тандоодон өткөн.
Тааныштыруу учурунда катышуучуларга “Гражданское общество” фондунун өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу, жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр жана «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» долбоорунун мааниси тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле студенттер өлкөдөгү туруктуу социалдык көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүгө өз салымдарын сунушташты. Ош шаары үчүн негизги багыттар катары жаштардын жарандык катышуусу, шаардык инфраструктураны жакшыртуу, инклюзия, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, гендердик теңчилик, экологиялык маданиятты өнүктүрүү, кесиптик багыт берүү жана жаштар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү белгиленди.
Бул долбоорго студенттин катышуусу университет үчүн да маанилүү. Эл аралык деңгээлде колдоого алынган демилгелерге студенттердин аралашуусу окуу жайдын академиялык аброюн жогорулатып, анын коомго багытталган социалдык миссиясын чыңдайт. Долбоор студенттердин лидерлик сапаттарын, коом алдында сүйлөө жөндөмүн, долбоордук ой жүгүртүүсүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү менен алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат. Мындан тышкары, университет үчүн жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө, эл аралык программаларга катышууга жана гранттык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, долбоорго катышуу студенттин университеттин өкүлү катары тышкы аянтчаларда чыгып, окуу жайдын позитивдүү имиджин бекемдөөсүнө өбөлгө түзөт. Долбоордук ишмердүүлүк аркылуу алынган коммуникациялык, уюштуруучулук жана лидерлик көндүмдөр келечекте коомдук маанилүү демилгелерди көтөрө алган адистин калыптанышына жардам берет.
Аманбекова Асель «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» долбооруна катышуусу анын жеке жетишкендиги гана эмес, университеттин академиялык аброюн бекемдөөгө жана анын социалдык миссиясын өнүктүрүүгө түздөн-түз салым кошкон маанилүү кадам болуп калды.
(с) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы