2026- жылдын 26-февралында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда Билим Бишкек инновациялык борборунун мүдүрү Санжар Алтымышев менен окутуучусу Нурмухаммед Усаров «Жасалма интеллект» багытынын студенттери үчүн «Технофест» эл аралык аэро-технологиялык фестивалы тууралуу семинар өткөрүштү.

Семинарда аталган фестивалдын мааниси, максаты жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду. Санжар Алтымышев бул фестиваль — аэро-технологиялар, инновациялар жана жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу платформа экенин белгиледи. Анын айтымында, фестивалдын негизги максаты — жаш муундар арасында аэро-технологияларга болгон кызыгууну арттыруу, жаңы идеяларды жана инновацияларды колдоо, о.э. илим жана технология тармагындагы кесиптик багыттарды өнүктүрүү.

— Студенттердин «Технофест» фестивалы боюнча берген суроолору — бул алардын илимге, инновацияга жана келечек технологияларына болгон кызыгуусунун айкын далили, — деп баса белгиледи Билим Бишкек инновациялык борборунун окутуучусу Нурмухаммед Усаров. — Мындай суроолор жаштардын жөн гана көрүүчү болбой, тескерисинче, изилдөөчү, ойлоп табуучу жана жаратуучу болууга умтулуп жатканын көрсөтөт.

(С) Өмүралиева Бакыт — КТЖИИнин ага окутуучусу

Добавить комментарий