2026-жылдын 27-февраль күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, академик Абдыганы Эркебаев алып барган жыйында «КУУнун жаңы салынып жаткан имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү», «КУУнун структуралык түзүмдөрүн ирилештируу, кызматтык орундарды кыскартуу жана университеттин Уставына “Кампус” деген түшүнүктү киргизүү», «КУУнун өзгөчө статус алгандыгына жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 2025-жылы өзгөргөнүнө байланыштуу КУУнун Уставына кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан бошотуу тартиби боюнча өзгөртүү киргизүү», «КУУнун атайын каражаттарынын киреше жана чыгаша сметасын 2026-жылга бекитүү, профессордук-окутуучулук, административдик-башкаруучу, окууга көмөкчү жана чарбалык-тейлөөчү курамынын эмгек акыларын 2026-жылдын 1-апрелинен көтөрүү» тууралуу маселелер каралды.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча башкы бухгалтер Жамила Бакай кызы, аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева, юридикалык бөлүмдүн улук юристи Тунук Сманова жана пландоо-каржы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Бермет Кабылбек кызы маалымат беришти.
Баяндамачыларга суроолор берилип, кенен-кесир талкуу болгондон кийин, Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү тарабынан аталган маселелер колдоого алынды.
Жыйындын соңунда Абдыганы Эркебаев бүгүнкү отурум соңку отурум экенин кабарлап, Көзөмөлчүлүк кеңешинин бул курамы иштеген соңку 3 жыл аралыгында Улуттук университет өнүгүү жолуна түшүп, окуу жайда көп өзгөрүүлөр болгонун, анын ичинде дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине кирип, 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөргөнүн, өлкөнүн билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланганын, чет өлкөлүк университеттер менен академиялык байланыштарды күчөтүп, өз алдынча 16-кабаттуу заманбап окуу жана жатакана комплексин куруп жаткандыгын белгиледи жана КУУнун жетекчилиги менен жалпы жамаатына мындан кийин да ушул темпте иштеп, ийгиликтерди жарата беришине тилектеш экендигин билдирди.
Ректор Догдурбек Чонтоев өз кезегинде аталган ийгиликтер Көзөмөлчүлүк кеңешинин Абдыганы Эркебаев жетектеген ушул курамынын колдоосу менен болгондугун белгилеп, ак ниет эмгеги үчүн кеңештин мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдирди.