2026-жылдын 26-февралында профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасы тарабынан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун талаптары кыргыз тили жана адабияты сабактарында» аталышындагы илимий-методикалык семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты — «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында кыргыз тили жана адабияты сабактарын окутуунун мазмунун жаңылоо, улуттук баалуулуктарды дүйнөлүк билим берүү стандарттары менен айкалыштыруу, заманбап окутуу ыкмаларын талкуулоо болду.

Иш-чарага кафедранын профессор-окутуучулары, магистранттар, мектеп мугалимдери жана студенттер катышып, улуттук идеяны билим берүү процессинде ишке ашыруунун практикалык жолдору боюнча баяндамалар жасалды. Катышуучулар кыргыз тили жана адабияты сабактарында улуттук маданий мурастарды окутуунун мазмунуна киргизүү маселелерин жана кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда  кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын колдонуунун жолдорун кеңири талкуулашты.

П.и.д., профессор Жеңишбек Чыманов «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун талаптарын кыргыз тили жана адабияты сабагында пайдалануу маселелери» аталышындагы докладында билим берүү процессинде уңгужолдун негизги багыттарын ишке ашыруунун теориялык жана практикалык маселелерин кеңири талдоого алды.

Баяндамада практикалык мисалдар келтирилип, сабактын максат-милдеттерин уңгужолдун талаптарына ылайык пландаштыруу, окуу материалдарын тандоо, баалоо критерийлерин иштеп чыгуу маселелери каралды.  Жыйынтыгында, уңгужолдун талаптарын кыргыз тили жана адабияты сабактарында системалуу жана максаттуу пайдалануу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, улуттук демди бекемдөөгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүү инсандарды тарбиялоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

Ф.и.к., доцент, Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин КМШ жана жакынкы чет өлкөлөрүнүн тилдери жана маданияты кафедрасынын башчысы Жеңишгүл Хулхачиева–Байтерекова онлайн форматта «Кыргыз тилин экинчи чет тили катары окутуунун окуу-методикалык каражаттары» аталышындагы баяндама жасады.

Баяндамада кыргыз тилин экинчи чет тили катары окутуунун теориялык жана практикалык өзгөчөлүктөрү жана окуу-методикалык материалдардын мазмуну тууралуу жалпы маалымат берилди. Ошондой эле тилди натыйжалуу өздөштүрүүгө багытталган окуу куралдарынын түзүлүшү, коммуникативдик компетенцияны калыптандыруу жолдору жана студенттердин кызыгуусун арттыруунун усулдары тууралуу сөз болду.

Окутуу процессинде кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары, оозеки чыгармачылыгы, тарыхый мурастары, улуттук оюн-зооктору жана маданий өзгөчөлүктөрү аркылуу тилди үйрөтүү ыкмалары колдонулуп жаткандыгы айтылып, бул тилге болгон кызыгуусун арттырып гана тим болбостон, кыргыз элинин дүйнө таанымы, руханий байлыгы жана маданий өзгөчөлүгү тууралуу терең түшүнүк калыптандырууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Кафедранын доценттери З.Сарылбекова жана Н.Тыныстановалар катышуучуларга улуттук баалуулуктар, аны кыргыз тили жана адабияты сабактарында пайдалануунун жолдору тууралуу маалыматтарды беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилин окутуунун практикалык жагдайлары, окуу материалдарын тандоо, деңгээлдер боюнча окутуу өзгөчөлүктөрү жана методикалык колдоо тууралуу суроо-жооп аркылуу пикир алышышты.

Илимий-методикалык семинар жандуу талкуу менен коштолуп, эки тараптуу пайдалуу байланыш түзүлдү. Илимий-методикалык багыттагы натыйжалуу аянтча болуп, кыргыз тили жана адабияты сабактарын окутууда улуттук демди сактоо менен дүйнөлүк деңгээлдеги сапатка жетишүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Аягында ыраазычылык кат жана сертификаттар тапшырылды.

(С) Аскар кызы Жылдыз — кафедра башчысы, п.и.к., доцент

Добавить комментарий