2026-жылдын 25-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Физика жана электроника факультетинин «Электроника жана наноэлектроника» кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев менен факультет деканы Самат Токтогоновду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Самат Токтогонов менен Каныбек Осмоналиев факультетте Кореянын кесиптик компетенцияларды алмашуу боюнча дүйнөлүк ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Виртуалдык реалдуулук лабораториясы» жана Кытайдын Нинбо технологиялык университети менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Кийинки муундагы дисплейлер үчүн полимердик ийкемдүү пленкалар» изилдөө долбоорлору тууралуу ректорго маалымат беришти. Декан о.э. Каныбек Осмоналиевдин аракети менен 102-дарсканага интерактивдүү панель алынып, орнотулганын кошумчалады.
Догдурбек Чонтоев аталган долбоорлор өтө маанилүү, практикалык долбоорлор экендигин, аларды ишке ашырууда ректорат тарабынан факультетке ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн белгилеп, профессор Каныбек Осмоналиевди 70 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктады жана КУУнун билим берүү жана илимий өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады.