2026-жылдын 19-февралында Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда «Маалыматтык системалар жана технологиялар» билим берүү программасынын доценти, п.и.к. Т.Курамаева тарабынан «Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана кемчиликтери» темасында семинар өткөрдү.

Семинардын негизги максаты – жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү, колдонуу тармактары жана мүмкүн болгон кемчиликтери тууралуу катышуучуларга маалымат берүү, ошондой эле заманбап технологияларды билим берүү жана илимий ишмердүүлүктө колдонуу боюнча түшүндүрмө берүү болду.

Баяндамачы жасалма интеллекттин өнүгүү тарыхы, негизги түшүнүктөрү жана анын ар кандай тармактардагы колдонулушу тууралуу кеңири маалымат берди. Семинар интерактивдүү форматта өттү, катышуучулар оюндарга, тесттерге, талкууга активдүү катышышты.

Сабактын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге сыйлыктар, мугалимдерге сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле катышуучулар жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жана кемчиликтери тууралуу кеңири маалымат алышты.

Мындай семинарлар катышуучулардын санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана заманбап технологияларды колдонуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

(С) Джунушалиева Б.А. —  илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий