2026-жылдын 11-февралында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунда Корея Республикасынын Кукмин университетинин (Kookmin University) эл аралык иштер боюнча вице-президенти, профессор Биюнг Джун Ким, о.э. профессорлор Бёнг Джун жана Юнг Синк менен расмий жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты — эки жогорку окуу жайдын ортосундагы академиялык жана илимий кызматташууну мындан ары кеңейтүү, о.э. билим берүү жана изилдөө багыттарындагы өз ара аракеттенүүнүн стратегиялык перспективаларын аныктоо болду. Тараптар өз университеттеринин илимий-изилдөө потенциалын, билим берүү программаларын жана эл аралык кызматташтык жаатындагы тажрыйбасын тааныштырып, өз ара кызыкчылыкты жараткан приоритеттүү багыттарды талкуулашты.
Талкуунун жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү белгиленди:
- академиялык жана окуу-усулдук материалдар менен алмашуу;
- профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүгүн камсыздоо;
- жасалма интеллект, маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформация багыттарында биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу;
- бакалавриат жана магистратура деңгээлиндеги студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын уюштуруу;
- эл аралык гранттык долбоорлорго биргелешип катышуу.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар академиялык өнөктөштүктү институционалдык деңгээлде бекемдөө максатында кызматташтык жөнүндө келишим түзүлдү.
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору А. О. Рыспаев жетишилген макулдашуулар үчүн ыраазычылык билдирип, бул өнөктөштүк эки тарап үчүн тең стратегиялык мааниге ээ экендигин белгиледи.
Бул жолугушуу эки университеттин ортосундагы узак мөөнөттүү жана туруктуу академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө негиз болуп, билим берүү жана илим жаатындагы интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө өбөлгө түзүлдү.
(С) Джунушалиева Б.А. — илим жана билим берүү программаларын санариптештирүү боюнча директордун орун басары