Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун Англистика кафедрасы И. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети менен биргеликте Улуу Британиянын Лидс университетинин профессорлорунун катышуусунда эл аралык семинар-тренинг өткөрдү.
«Экинчи тилде жазуу иштерин баалоодо гендерге багытталган педагогика аркылуу инклюзивдүүлүктү илгерилетүү» аттуу эл аралык семинар-тренинг 2026-жылдын 5–6-февралында болуп өттү. Иш-чара инклюзивдүү билим берүү маселелерине жана экинчи тилде жазуу иштерин баалоодогу заманбап ыкмаларга арналды.
Семинар эки аянтчада уюштурулду:
- 2026-жылдын 5-февралында — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин базасында;
- 2026-жылдын 6-февралында — К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин базасында.
Семинар-тренингге чет тилдерди окутууда жана баалоодо инклюзивдүү жана гендерге сезимтал ыкмаларды колдонууга кызыкдар болгон окутуучулар, изилдөөчүлөр жана докторанттар катышты.
Иш-чаранын алкагында гендерге багытталган педагогиканын заманбап ыкмалары, экинчи тилде жазуу иштерин баалоодо инклюзивдүүлүктү камсыз кылуу маселелери, ошондой эле second-language writing assessment багытындагы практикалык куралдар жана методикалар кеңири талкууланды. Өзгөчө көңүл Лидс университетинин эл аралык тажрыйбасына жана академиялык практикаларына бурулду.
Өткөрүлгөн эл аралык семинар-тренинг катышуучулардын кесиптик тажрыйба алмашуусуна, профессионалдык компетенцияларын жогорулатууга өбөлгө түзүп, Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы академиялык кызматташууну мындан ары чыңдоого шарт түздү.
(С) Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары