2026-жылдын 30-январь күнү кесиптик колледжинин көп тармактүү адистиктер бөлүмүндө студенттердин психологиялык билимин жогорулатуу жана аларга ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүү максатында психология кабинети расмий түрдө ачылды.

Кабинет  заманбап талаптарга жооп берип, окуу-тарбия процессин натыйжалуу жүргүзүүгө ылайыкталган. Студенттер бул жерде тренингдерге, практикалык иштерге жана өнүгүү багытындагы иш-чараларга активдүү катыша алышат. Бул мейкиндик студенттердин өзүн-өзү таанып-билүүсүнө, баарлашуусун өнүктүрүүгө жана эмоционалдык маданиятын калыптандырууга шарт түзөт.

Ачылыш аземине мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, кесиптик колледждин директору Бектен Саадабек уулу, көп тармактуу адистиктер бөлүмүнүн башчысы Ализа Токтосунова, окутуучулар жамааты жана «Психология» адистигинде окуп жаткан студенттер катышты.

(С) Ализа Токтосунова — көп тармактуу адистиктер бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий