2026-жылдын 30-январь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев «Дос-Кредобанктын» башкаруучу директору, башкармалыктын мүчөсү Адилет Исаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Улуттук университет менен «Дос-Кредобанктын» ортосундагы кызматташуу багыттарын, атап айтканда студенттердин «Дос-Кредобанкта» практика жана стажировка өтүүсүн, биргелешкен билим берүү демилгелерин, курстарды, тренингдерди, конференцияларды, тегерек столдорду жана мастер класстарды өткөрүүнү талкуулап, тиешелүү меморандумга кол коюшту.

Талкууга о.э. «Дос-Кредобанктын» борбордук филиалынын директору Адилет Асаркулов, маркетинг департаментинин директору Ширин Жумалыева, КУУнун биринчи проректору-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, экономиканын жогорку мектебинин директору Нуриза Мусаева, кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору Арслан Кулбаев, карьера, жумушка орноштуруу жана кесиптик багыт берүү борборунун директору Акылай Джумагулова катышты.

Иш-чара карьера, жумушка орноштуруу жана кесиптик багыт берүү борбору тарабынан уюштурулду.

Добавить комментарий