2026-жылдын 28-январында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Бул мезгилде анын колдоосу менен билим берүү системасында олуттуу иштер аткарылып, социалдык маанидеги объекттердин курулушу кеңири жүрүүдө.
Атап айтсак, Улуттук университетте Президенттин колдоосу менен пайдаланууга болбой калган мурдагы 4-жатакана толугу менен сүрдүрүлүп, анын ордуна өткөн жылдын август айында 16 кабаттуу заманбап окуу жана жатакана комплекси курула баштады. Арадан болгону жарым жыл өткөнүнө карабастан, учурда имараттын 16 кабатында курулуш иштери жүрүп, имарат бүтүү алдында турат.
Жалпы аянты 16 000 м²ден ашкан жаңы имарат сабак өтүлүүчү дарсканаларды, административдик бөлмөлөрдү, КУУнун музейин, күн-түн иштей турган 200 орундуу китепкананы, 600 орундуу амфитеатр жана конференц-залды, 60 орундуу эс алуу жана өз алдынча окуу зоналарын, 60 орундуу галерея тибиндеги оранжереяны, студенттер үчүн обсерваторияны, о.э. студенттер, магистранттар жана чет элдик окутуучулар үчүн жаткананы, бала бакчаны камтыган социалдык имарат болуп саналат.
Курулуштун жалпы наркы 1 379 820 000 сом болсо, анын 879 820 000 сому Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунан, ал эми 500 000 000 сому университет тарабынан бөлүнөт. Курулуш мөөнөтү: 1,5–2 жыл.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим системасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, о.э. өлкөнүн ар кандай тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдаганы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети өзүнүн 100 жылдык мааракесине карата Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.
Улуттук университеттин жамааты Президент Садыр Жапаровго окуу жайга жасаган өзгөчө мамилеси жана камкордугу үчүн терең ыраазычылык билдирет!





