Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун англистика кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Асель Мамытова PRESETT лидерликти өнүктүрүү программасынын алкагында Улуу Британиянын Кембридж шаарындагы Кембридж университетинде өтүп жаткан 5 күндүк окуу сапарына катышууда. Окуу сапары 2026-жылдын 25-январынан 31-январына чейин уланат.
Аталган окуу сапары кесиптик өнүгүүгө багытталып, AELLCA программасынын алкагында ишкердик жолугушууларды, тематикалык семинарларды жана практикалык тренингдерди камтыйт. Иш-чаралар билим берүү тармагындагы лидерлик потенциалды өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана академиялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
PRESETT программасы Британ Кеңеши (British Council) менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана өнүгүү министрлиги (Foreign, Commonwealth & Development Office – FCDO) тарабынан каржыланат.
Окуу сапарынын жыйынтыгында Кембридж университети менен Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун ортосундагы академиялык байланыштар бекемделип, КУУнун англис тили багытындагы окутуучулары үчүн Кембридж университетинде квалификацияны жогорулатуу боюнча тренингдерден өтүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү пландалууда. Ошондой эле Чет тилдер институту алдыдагы мезгилде өзүнүн окутуучуларын жана студенттерин Кембридж университетине академиялык мобилдүүлүк алкагында жиберүү маселесин кароодо.
(С) Байболотова Ж.Т. — тарбия иштери боюнча директордун орун басары