2026-жылдын 27-январында КУУнун №10 окуу имаратында Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун студенттери арасында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгынын негизинде “Кыргызстан — маданияттын, тарыхтын жана улуттар аралык диалогдун мейкиндиги” аттуу интеллектуалдык квиз болуп өттү.
Иш чараны Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов ачып, мындай иш-чаралар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана активдүү жарандык позициясын калыптандырууга өбөлгө түзөрүн баса белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. “Евразия Кей Джи” коомдук бирикмесинин директору Кымбат Урумкулова аталган интеллектуалдык квиздин негизги максаты — жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөө, тарыхый мурастарга болгон кызыгуусун арттыруу жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоо экендигин белгиледи.
Мелдешке жалпысынан 12 жогорку окуу жайдан келген студенттик командалар катышып, өз билимдерин, ой жүгүртүүсүн жана командалык ынтымагын сынап көрүштү.
Баалоо ишин ар бир багыт боюнча тажырыйбалуу окутуучулар жана “Евразия Кей Джи” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жүргүзүштү. Калыстар суроолорго берилген жоопторду тактык менен карап чыгып жана командалык иш алып баруу критерийлери боюнча адилеттүү баалашты.
Иш-чаранын соңунда бардык катышкан тайпаларга сертификат жана китептер белеке берилди, ал эми I-II-III-орунга статуэтка, сертификат жана китептер ыйгарылды.
- I орун – Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
- II орун – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
- III орун – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы.
Бул интеллектуалдык квиз жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырып, Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана улуттар аралык ынтымак тууралуу билимдерин тереңдетүүгө багытталды. Иш-чара студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн, логикалык чечим кабыл алуу жөндөмүн жана командалык иш алып баруу маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Мындай форматтагы иш-чаралар жаш муундун жарандык аң-сезимин калыптандырууда, патриоттук тарбияны бекемдөөдө жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойнойт. Уюштуруучулар интеллектуалдык квиз мындан ары да салттуу түрдө өткөрүлүп, студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылуу пландалып жатканын белгилешти.
(С) Абдыбекова Айжан — жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчы