Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институту сыймыктануу менен билдирет: институттун студенти Дүйшөналиев Рысбек Нурланович республикалык «Кыргызстандын мыкты студенти» сынагынын жеңүүчүсү болду.
Бул сынак өлкөбүздүн бардык аймактарынан эң активдүү, максаттуу жана таланттуу студенттердин башын бириктирди. Катышуучулар окуудагы жетишкендиктери, илимий жана коомдук ишмердүүлүгү, лидерлик сапаттары жана студенттик чөйрөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы сыяктуу бир катар критерийлер боюнча бааланышты.
Рысбек окуу мезгилинде укуктук даярдыктын жогорку деңгээлин, коомдук жана эл аралык долбоорлорго активдүү катышуусун, ошондой эле жоопкерчиликтүү жарандык позициясын көрсөтө алды. Ал демилгелүү жана келечектүү жаш юрист катары университеттин намысын ар кандай билим берүү аянтчаларында татыктуу коргоп келет.
Юридикалык институттун жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы бул жеңиш — системалуу иштин, тартиптин жана кесипкөйлүккө умтулуунун татыктуу натыйжасы экенин белгилешет.
Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институту Дүйшөналиев Рысбек Нурлановичти жеңиши менен чын дилден куттуктайт! Ага окуудагы ийгиликтерди, илимий жетишкендиктерди жана келечектеги кесиптик жолунда чоң жеңиштерди каалайбыз.
(С) Бакова А.Б. — тарбия иштери боюнча директордун орун басары