2025-жылдын 15–19-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү Польша Республикасынын Гданьск шаарындагы Экинчи дүйнөлүк согуш музейинде өткөн «Жалпы эс тутум – Жалпы келечек» аттуу эл аралык форумга катышты. Иш-чара Польша–Казакстан жана Польша–Кыргызстан Тарыхый комиссиялары тарабынан биргеликте уюштурулуп, Польша, Казакстан жана Кыргызстандын илимий жана маданий мекемелеринин өкүлдөрүн бириктирди.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун атынан форумга Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Кушубеков А., Социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти Шайылдаева А. жана Философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти Касымова Н. катышты.
Форумдун жүрүшүндө XX кылымдагы жалпы тарыхты изилдөө боюнча жүргүзүлгөн илимий иштердин жыйынтыктары чыгарылып, биргелешкен басылмалар, көргөзмө долбоорлору жана эл аралык кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды. Өзгөчө архивдик материалдарды санариптештирүү, биргелешкен изилдөө программаларын ишке ашыруу жана тарыхый эстутумду сактоого багытталган демилгелерге көңүл бурулду.
Аталган форум эл аралык илимий диалогду чыңдоого, тарыхый эстутумду сактоо аркылуу элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
(С) Шайылдаева А. — Социология жана социалдык иштер кафедрасынын доценти