2025-жылдын 18-декабрында Чет тилдер институтунун студенттери Кыргыз-Герман колдонмо информатика институту тарабынан уюштурулган жогорку окуу жайлар аралык Жаңы жылдык Weihnachten аттуу маданий иш-чарага активдүү катышып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн жана немис тилин билүү деңгээлин көрсөтүштү.
Иш-чарага Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз-Орус Славян университети, Ала-Тоо университети, Борбордук Азиядагы эл аралык университет, Кыргызстан эл аралык университети жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун «ЛингваСтар» курама командасы катышты.
Майрамдык кече Кыргыз-Герман колдонмо информатика институтунун ректору Аида Тологонованын салтанаттуу ачылыш сөзү менен башталып, ал катышуучуларга ийгилик каалап, иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө тилектештигин билдирди.
Иш-чаранын алкагында студенттик командалар немис тилинде ырдап, бийлеп, сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Ошондой эле интеллектуалдык оюндар, викториналар уюштурулуп, катышуучулар тил билүү деңгээлин, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана командалык иш алып баруу маданиятын даңазалашты. Немис маданиятына мүнөздүү Weihnachten майрамына арналган ыр-бийлер жана оюн-зооктор көрүүчүлөргө өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.
Чет тилдер институтунун студенттери «ЛингваСтар» курама командасы иш-чарада өзүнүн активдүүлүгү, ынтымагы жана чыгармачылык демилгеси менен айырмаланып, уюштуруучулардын жана көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыды. Команда мүчөлөрү немис тилинде эркин сүйлөп, сахнада өздөрүн ишенимдүү алып жүрүштү.
Иш-чаранын өзгөчө жана эсте каларлык бөлүктөрүнүн бири — «Сыйкырдуу Санта» салты болду. Анын алкагында командалар бири-бирине белек берип, жылуу каалоо-тилектерин арнашты. Бул салт студенттердин ортосундагы достукту жана өз ара сый-урматты бекемдеди.
«ЛингваСтар» командасынын жетекчиси Турар Босумбаева сөз сүйлөп, Улуттук университет бул иш-чарага алгачкы жолу катышып жатканын белгилеп, КУУнун 100 жылдык мааракесине байланыштуу Кыргыз-Герман Колдонмо Информатика Институтунун ректоруна символикалык мааниге ээ белектерди тапшырды.
Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды. Мындай маданий-билим берүүчү иш-чаралар студенттердин тил үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырып, эл аралык достукту чыңдоого өбөлгө түзөт.
(С) Байболотова Ж.Т. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары