Казакстан республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин илим комитетинин философия, политология жана дин таануу институту тарабынан М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин казак филиалы менен биргеликте Астана шаарында 2023-жылдын 12-майында өткөрүлгөн «Евразийский мир: история, культура, ценности» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары жарыкка чыкты. Жыйнакта кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулованын «Цивилизация народов алтайского происхождения: общности и взаимодействия языков» аттуу макаласы жарык көрдү.
Маанилүү иш чарага Москва, Казакстан жана Кыргызстандан окумуштуулар катышкан.







(С) Гүлжамал Жаманкулова — кыргыз тил илими кафедрасынын профессору