2025-жылдын 12-декабрында Кыргыз филологиясы факультетинин деканы Б.А.Жайлообаев, кыргыз тил илими кафедрасынын профессорлору КР УИАнын корр.-мүчөсү, ф.и.д, профессор Т.С.Маразыков, ф.и.д. Г.Т.Жаманкулова, ф.и.д. Г.Ш.Абдразакова КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы адабият институту тарабынан уюштурулган «Айтматов окуулары – 2025» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө тилчи-окумуштуулар тил илими багытындагы актуалдуу темадагы илимий изилдөөлөрү менен бөлүшүшүп, Ч.Айтматовдун чыгармаларына байланыштуу маанилүү баяндамаларды окушту. Профессор Т.С.Маразыков «Айтматовдун портреттик сүрөттөмөлөрүнүн көмүскө мазмун туюндуруу мүмкүнчүлүгү» аттуу баяндамасы менен катышса, профессор Г.Т.Жаманкулова тарабынан «Проблема добра и зла в произведениях Ч. Айтматова» деген темада баяндама окулуп, профессор Г.Ш.Абдразакова тарабынан «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы фразеологизмдерге концептуалдык анализ» деген темада баяндама жасалды.

Аталган баяндамалар окумуштуулардын кызыгууларын жаратып, өзгөчө тилчи-окумуштуулар тарабынан суроо-талаптар берилип, кызуу талкууга алынды. Жыйынтыгында маанилүү баяндамалар үчүн ыраазычылык айтылып, сертификаттар тапшырылды.

(С) Г.Ш.Абдразакова — кыргыз тил илими кафедрасынын профессору, ф.и.д.

Добавить комментарий