2025-жылдын 11-декабрында ректордун буйругу жана биринчи проректордун буйрутмасынын негизинде Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинде 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө жана Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматовдун ааламы” аттуу студенттик адабий кече болуп өттү.
Иш-чарада 1-курстун студенттери кыргыз элинин залкар таланттары Ч.Айтматовдун чыгармаларынан жана А.Осмоновдун ырларынан көркөм окушуп, сценкаларды аткарышты жана тартышкан видеороликтерин көрсөтүшүп, каармандардын монологдорун азыркы учур менен айкалыштырып алып чыгышты.
Аталган кечеде “Америка таануу” жана “Чыгыш таануу” багытынын таланттуу студенттери активдүү катышып, өз чыгармачылыгын көрсөтүштү.
(С) Мырзанаева Медина — Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин ага окутуучусу