2025-жылдын 8-декабрынан 15-декабрына чейин Экономиканын жогорку мектебинин студенттери жана окутуучулары арасында Улуттук адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралардын негизги максаты — студенттерге кыргыз адабиятынын мурастарын таанытуу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу руханий жана маданий баалуулуктарды даңазалоо, улуттук сыймыкты арттыруу болуп саналат.
Иш-чаралардын түрлөрү:
- куратордук сааттар жана адабий талкуулар;
- көркөм чыгармаларды окуу жана баяндама жасоо;
- Айтматовдун чыгармаларынын негизинде фильм көрүү жана талдоо;
- студенттер арасында эссе, сүрөт жана презентация сынактары.
Бул жуманын алкагындагы иш-чаралар студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүп, кыргыз адабиятына болгон кызыгууну арттырды.
Экономиканын жогорку метебининин 1-курстун ЭБХ(б)-1-25, ЭБХ(б)-2-25, ЭБХ(б)-3-25 жана 4-курстун ЭБХ(б)-1-22, ЭБХ(б)-2-22, ЭБХ(б)-3-22 тайпаларынын студенттери, кураторлору менен бирге Улуттук адабият күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган куратордук саат өткөрүштү. Студенттер дубал кагаздарын жасап жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган докладдарын окушту.
(С) Бятова Каухар-Дина — «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» кафедрасынын э.и.к., доценти