Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде жана академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү максатында 2025-жылдын 25-ноябрь күнү КУУнун Ош шаарындагы Гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу Асанова Гулзар Алымбековна ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжине «Салык жана салык салуу» сабагынан «Кыргыз Республикасындагы салык системасы жана анын экономикадагы ролу» темасында конок лекция өтүп берди.
Студенттер активдүү катышып, жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүштү.
(С) Асанова Гулзар – Гуманитардык табигый илимдер факультетинин окутуучусу