Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин факультеттер жана институттар арасында уюштурулган 74-спартакиадада Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун самбо боюнча эркектер курама командасынын мүчөлөрү Жапаров Кубанычбек (ИБ-1-24 (б)) 58 кг салмак категориясында 1-орунду, ал эми Анаркулов Бактыбек (БИ-1-25 (к)) 71кг салмак категориясында 2-орунду ээлеп, жалпы командалык үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун дирекциясы менен жалпы жамааты Жапаров Кубанычбек менен Анаркулов Бактыбекке, алардын машыктыруучуларына, о.э. колдоого алган бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирет. Сиздердин буга чейинки жана мындан аркы ийгиликтериңиздер институтубуздун сыймыгы болуп кала берет. Жеңишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, жаңы ийгиликтерди багындырууну каалайбыз!

Студенттердин мындай көрсөткүчтөрү институтубуздун спорттук жетишкендиктерин жаңы деңгээлге көтөрүп, институттун аброюн дагы бекемдөөгө зор салым кошо беришине тилектешпиз.

(С) Т.Н.Сейдракманов – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий