2025-жылдын 3-декабрында Юридикалык институттун 1-курс студенттерине Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун өкүлдөрү конок лекция өткөрдү.
Сабакты Омбудсмен аппаратынын бөлүм башчысы Өмүрлан Тункатаров жана эксперти Эмилбек Ажыбеков өтүп, Акыйкатчы институтунун пайда болуу жана калыптануу тарыхы, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо механизмдери, о.э. анын Кыргызстандагы адам укугун коргоодо ойногон ролу жөнүндө айтып беришти. Лекция студенттер арасында кызыгуу жаратты.
(С) Отонбаева Рахима — Юридикалык институттун директорунун орун басары