Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери үчүн “Текшердим” маалыматтык кампаниясынын алкагында иш чара болуп өттү. Жыйында медиасабаттуулук боюнча эксперт Тынымгүл Эшиева, «Чекит Медианын» жетекчиси Асел Сооронбаева, «ПолитКлиника» басылмасынын журналисти, фактчекер Ырысбүбү Кылычбек кызы баяндама жасап, маалымат булагын, фактыны, маалыматты текшерүү зарылдыгы, жеке пикирдин орду, объективдүүлүк, нейтралдуулук өңдүү кесипкөй журналистке тийиштүү касиеттер тууралуу кеп кылышты.

«Текшердим» маалыматтык кампаниясы Бүткүл дүйнөлүк медиа сабаттуулук жумалыгынын алкагында уюштурулду. Кампаниянын жүрүшүндө Кыргызстандагы ЖОЖдордо медиа сабаттуулук жана жалган маалыматка каршы күрөшүү боюнча ачык лекциялар өткөрүлүүдө. Дүйнөлүк медиа сабаттуулук жумалыгы жыл сайын октябрдын аягында белгиленип келет. Бул жылдын темасы “Санариптик мейкиндиктерде медиа жана маалыматтык сабаттуулук: жамааттык глобалдык күн тартиби”.

Белгилей кетсек, буга чейин ачык лекциялар ОшМУда, ЖаМУда жана БГУда өткөрүлгөн.

(С) П.Джаныбекова – адис

Добавить комментарий