2023-жылдын 21-октябрында КУУнун жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти жана “Инсандык өнүгүү” студенттик клубу тарабынан Бишкек шаарындагы борборлоштурулган китепканада “Акыл майданы” аттуу интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.
Оюнга КУУнун “Феномен”, “Феникс”, “Оптимисттер”, “Эрудит” жана “Эврика” командалары, КУАУнун “БОЭЛ” жана “Ала-Тоо” командалары катышып, кызыктуу оюн болду. Катышуучулар 6 тапшырма аткарып, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
1-орун: “Феномен” командасы (кинотеатрга 4 билет);
2-орун: “Феникс” командасы (Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына 4 билет);
3-орун: “БОЭЛ” командасы (акчалай сыйлык).
Уткан командаларды Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттик кеңешинин төрагасы Максат уулу Элхан, “Инсандык Өнүгүү” студенттик клубунун КУАУдагы филиалынын жетекчиси Бакытбеков Төлөмүш жана ушул эле студенттик клубдун КУУдагы филиалынын төрагасы Эрнисбек уулу Токтоналы чын жүрөктөн куттуктап, эң негизгиси жеңиш эмес, катышуу экенин белгилешти.
(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча бөлүмүнүн координатору