2025-жылдын 25-ноябрында И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институтта «12 жылдык билим берүүдөгү окутуунун мазмуну» темасында семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чара Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) негизинде КУУнун ички долбоорун ишке ашыруу максатында уюштурулуп, учурдагы 12 жылдык билим берүү реформаларынын алкагында мугалимдердин жана студенттердин кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталды.

Семинар-тренингдин спикери болуп «Жыл мугалими–2013» республикалык сынагынын жеңүүчүсү, билим берүүнүн мыктысы, эл аралык долбоорлордун улуттук тренери, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тажрыйбалуу окутуучусу Шарапова Нургүл Дөлөсовна чакырылды. Ал билим берүүнүн мазмундук жаңылануусунун актуалдуу багыттары, компетенттүүлүккө негизделген окутуунун өзгөчөлүктөрү, функционалдык сабаттуулукту өнүктүрүү жолдору жана ТӨМ концепциясын окутуу процессине интеграциялоонун мааниси жөнүндө мазмундуу баяндамасын жасады.

Иш-чарага Ж, Баласагын атындагы КУУнун жана Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун окутуучулары, студенттери, ошондой эле Бишкек шаарындагы №2 жана №31 мектептердин мугалимдерикатышып, заманбап билим берүү стратегиялары боюнча тажрыйба алмашууга активдүү катышышты.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги маселелер талкууланды:

  • 12 жылдык билим берүү моделинин концепциялык өзгөчөлүктөрү;
  • окуучулардын компетенттерин жана функционалдык сабаттуулугун калыптандыруу ыкмалары;
  • инновациялык педагогикалык технологиялар;
  • сабак пландаштырууда жаңы критерийлер жана баалоо механизмдери.
  • ТӨМгө шайкеш билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү;

Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар суроо-жооп сессиялары жана талкуулар аркылуу өз тажрыйбасын тереңдетишти. Мугалимдер 12 жылдык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн заманбап методдорду колдонууга байланыштуу конкреттүү практикалык инструменттерге ээ болушту.

Семинар-тренингдин жыйынтыгында катышуучулар 12 сааттык сертификатка ээ болушту. Ошондой эле иш-чаранын кийинки бөлүгү онлайн форматта улантылары белгиленди.

Бул иш-чара КУУнун  ички “12 жылдык билим берүү шартында болочок башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоонун илимий-методикалык негиздери” илимий долбоорунун алкагында педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатууга, билим берүүдөгү реформаларды колдоого жана Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык билим берүү процесстерин өркүндөтүүгө маанилүү салым кошту.

() Айсулуу Эгамбердиева – директордун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий