2025-жылдын 25-ноябрында Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун угуучулары үчүн «Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасы жана түзүмү» аттуу актуалдуу темада конок лекциясы болуп өттү.
Лекцияны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кадрлар жана кесиптик өнүктүрүү башкармалыгынын улук прокурору, юстиция майору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын улук окутуучусу Иманалиева Айнура Тургунбековна өткөрдү.
Сабактын максаты угуучуларды теориялык негиздер менен тааныштыруу гана эмес, прокуратуранын ишмердүүлүгүнүн реалдуу тажрыйбасын көрсөтүү болду. Лекциянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер кеңири чагылдырылды: прокуратура органдарынын ишинин негизги багыттары, прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү, башка мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аспектилери, укук колдонуу практикасынан конкреттүү мисалдар.
Лекциянын катышуучулары берилген материалдын мазмундуулугун, тереңдигин жана кесипкөйлүгүн жогору баалашып, мындай пикирлерди билдиришти: «Лекция жөн гана маалымат берүүчү эмес, чыныгы таанып билүүчү жана шыктандыруучу болду. Материал өтө кеңири жана структураланган түрдө берилип, эң татаал маалыматтар да түшүнүктүү, жеткиликтүү жана кызыктуу түрдө түшүндүрүлдү».
Уюштуруучулар, өзгөчө, конок лекциясын өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү жана угуучуларга билимди «биринчи колдон» алууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү үчүн доцент Супатаева Жылдыз Эсенбековнага чын жүрөктөн ыраазычылык билдиришти.
Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту өз угуучуларынын кесиптик даярдыгынын жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында, алдыңкы эксперттерди тартуу менен мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп турат.
(С) Супатаева Ж.Э. – илимий иштер боюнча директордун орун басары