2025-жылдын 21-ноябрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев баштаган топ Талас облусуна иш сапары менен барды.

Ректор алгач Талас райондук китепканадагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уӊгужолуна арналган тегерек столго катышты. Андан кийин Талас мамлекеттик университетине барып, окуу жайдын башкы имаратынын абалы жана жаңы салынып жаткан имарат менен таанышты.

Түштөн кийин Улуттук университеттин делегациясы Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн “Улуттук Университет – Кең Таласта” аталышындагы салтанаттуу иш-чарада болушту. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары Максат Байжигитов, облустагы мекеме-уюмдардын КУУну бүткөн кызматкерлери, орто мектептердин мугалимдери, ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.

Жыйында Догдурбек Чоноев сөз сүйлөп, Талас мамлекеттик университетинин айрым кызматкерлерине “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалын тапшырды.

Ушул эле күнү КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундуз Базакеева Талас мамлекеттик университетинин Гуманитардык-юридикалык институту, Агробизнес, биоэкология жана туризм институту менен таанышып чыкты.

Добавить комментарий