2025-жылдын 20-ноябрында белгилүү классик акын, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, көрүнүктүү коомдук ишмер жана котормочу Т.Үмөталиевдин небереси, музыка таануучу, маданият таануучу, маданият илимдеринин доктору Уметалиева-Баялиева Чынар Топчубековна (Темиркул кызы) Кыргыз филолологиясы факультетинин кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде адистигинин студентери менен “Т.Үмөталиев – классик акын” аттуу конок-лекция түрүндөгү баарлашуу өткөрдү.

Иш-чара “Улуу жолдун уңгусун улап…” аттуу искусство, чыгармачылык жана илимий жаатта белгилүү инсандардын жолун улап, ийгилик жаратып жүргөн уул-кыздары менен болгон жолугушуу таризиндеги долбоорунун алкагында пландаштырылган.

Конок-лекцияны факультеттин деканы, доцент Б.А.Жайлообаев ачып, акындын бейнесине, өмүрү-чыгармачылыгына токтолду жана Ч.Уметалиевага сөз берди.

Уметалиева-Баялиева Чынар Топчубековнанын лекциясында төмөнкү маселелердин тегерегинде кеп болду:

  • кыргыз фольклору жана жазма профессионал адабияты;
  • Т.Үмөталиевдин поэзиясынын өзгөчөлүгү;
  • Т.Үмөталиев – котормочу;
  • Т.Үмөталиевдин жеке адамдык-инсандык сапаттары;
  • Кыргыз музыкасынын кыска тарыхы;
  • Т.Үмөталиевдин обон чыгарылган ырларына обзор;
  • Т.Үмөталиевдин мурастары жана алардын кийинки тагдыры ж.б.

Андан кийин Т.Үмөталиевдин өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу студенттердин суроолоруна жооптор берилип, акындын  үй-бүлөлүк архивдеги фото жана видео тасмалар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соӊунда декан Б.А.Жайлообаев Ч.Уметалиеванын студенттерге конок-лекция окуп бергендиги үчүн рахмат айтып, илимпозго ден соолук, иштерине ийгилик каалады жана университеттин ректору, профессор Д.Т.Чонтоевдин атынан Ыраазычылык кат тапшырды. 

(С) Ж.Орозалиева – доцент

Добавить комментарий