2025-жылдын 17-ноябрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери 17-ноябрь – студенттер күнүнө карата  “Студент шаңы – 2025” аттуу майрамдык кече өткөрүштү.

Аталган кечеге  1–4-курстардын студенттери жигердүү катышып, ар бири өзүнүн таланты  жана чыгармачылыгы менен майрамдык кечени жандандырып, көркүнө көрк кошушту.

Факультет деканы Б.А.Жайлообаев студенттерди майрамы менен куттуктап, активдүү жана эң жакшы көрсөткүч көрсөткөн студенттерге ыраазычылык кат жана грамота тапшырды.

Ырлар созулуп, бийлер сахнанын көркүн ачып, кызыктуу оюндар  көрүүчүлөрдүн кызыгууларын арттырып  иш-чараны толук кандуу майрамга айлантты.

Студенттердин биримдиги, достугу жана жигердүүлүгү байкалып, ар бир катышуучу үчүн жагымдуу маанай, жылуу эмоциялар жана эсте каларлык көз ирмемдер тартууланды.

«Студент шаңы 2025” — Кыргыз филологиясынын биримдигин, талантын жана жаштардын күч-кубатын дагы бир жолу далилдеген күн болду.

(С) С.Б.Тилабердиева – тарбия  иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий