2025-жылдын 12-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде окуу жайдын 100 жылдыгына жана Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) 30 жылдыгына арналган “Эл аралык академиялык форум – 2025” болуп өттү.

Форумдун жүрүшүндө мазмундуу докладдар окулуп, эл аралык билим берүү, тил окутуу, маданият, туризм, инновация жана аймактык өнүгүү тармактарында маанилүү талкуулар болду.

Негизги тема:

«Биргелешип үйрөнүү жана жаратмандык: глобалдык өзгөрүүлөр шартындагы эл аралык билим берүү жана кызматташтык».

Катышуучулар жана негизги докладдар:

Форумго Япониянын жана Кыргызстандын алдыңкы окумуштуулары, профессорлору жана изилдөөчүлөрү катышып, төмөнкү докладдар жасалды:

1. Япония жана эл аралык уюмдар тарабынан жасалган докладдар

  • Каори Таникава – JICA JOCV волонтёру: «Кыргызстандагы JICA ыктыярчысы катары билимди биргелешип жакшыртуу: ишмердүүлүк жана байкоолор»
  • Нурайым Сардарбек кызы – орус жана славян филологиясы факультетинин деканы: «Тилдик жана маданий тоскоолдуктарды жеңүү»
  • Станислав Шахов – ISI япон тили мектеби (Япония): Тема: «Япон мектептеринде чет элдик студенттерди окутуу жана колдоо мүмкүнчүлүктөрү»
  • Проф. Хироши Ямамото – Каназава университети
  • Гулзат Акматбекова – туризм илимдеринин доктору, KRJC
  • Кадзуё Такэда, профессор, Кобэ университети (онлайн): «Кыргызстандагы эл аралык биргелешкен окуу туру: кыргыз жана япон студенттеринин сапаттык анализи»
  • Георгий Бунтилов, доцент, Хоккайдо университети (онлайн)
  • Анна Савиных, изилдөөчү, Хоккайдо университети (онлайн): «“Россия маданияты” сабагы: япон студенттеринде межкультурдук компетенцияны өнүктүрүү»
  • Рахат Сулайманова – И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык институттун директору: «Кыргызстан жана Япониядагы мугалимдерди даярдоо практикасы»
  • Дейл М. Кикучи – доцент, Токио Айыл чарба университети (онлайн)
  • Кодзуэ Киношита – доцент, Киото университети (онлайн): «SLF жана япон командасынын катышуусу менен кар барсын изилдөө экспедициясы»
  • Асанбек кызы Айпери – MD, MPH, аспирант, Токийский университет науки (онлайн): «SATREPS долбоору жана Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр»

Атайын коноктор:

  • Мырзабек Камчыбек уулу – КУУнун илимий иштер боюнча проректору (ачылыш сөзү)
  • Проф. Тошинобу Усуяма – Цукуба университети (онлайн) – куттуктоо сөзү
  • Кентаро Нишияма – JICA Кыргыз Республикасынын кеңсеси – куттуктоо сөзү
  • Алмазбек Азимов – KRJC – Куттуктоо сөзү.

Форумдун негизги жыйынтыктары:

Катышуучулар төмөнкү багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын баса белгилешти:

  • Биргелешкен окуу программаларын күчөтүү
  • Студенттик жана илимий мобилдүүлүктү кеңейтүү, жакшыртуу
  • Япония жана Кыргызстан ортосундагы билим, туризм, экология жана инновация жаатындагы долбоорлорду активдештирүү
  • Форумду жыл сайын өткөрүү демилгеси кеңири колдоо тапты.

Уюштуруучулар:

  • KRJC — Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору
  • Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)

Колдоочулар:

  • Япониянын Кыргызстандагы Элчилиги
  • JICA
  • Каназава Университети
  • Цукуба Университети

Добавить комментарий