2025-жылдын 18-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Түркмөнстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында 2025-жылдын “Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы” деп жарыяланышына арналган Эл аралык семинар болуп өттү.
Семинардын максаты – БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жүрүшүндө Түркмөнстандын демилгеси менен 2025-жылды “Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы” деп жарыялоо боюнча резолюция 86 мамлекеттин колдоосу менен кабыл алынган. Аталган демилгенин дүйнөдө өзгөчө актуалдуулугун чагылдыруу максатында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде профессордук-окутуучулук курамы, студенттери жана өнөктөш университеттер үчүн окуу, илимий жана маданий багытта талкуу жүргүзүү үчүн платформа түзүү.
Иш-чара салттуу жана онлайн форматта өткөрүлдү. Семинарга Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу төмөнкү өнөктөш университеттерден илимпоздор, магистранттар жана студенттер катышты:
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (Кыргызстан)
- К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академия (Кыргызстан)
- Кыргыз-түрк «Манас» университети (Кыргызстан)
- К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университети (Кыргызстан)
- Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университети (Өзбекстан)
- «Жибек жолу» туризм жана маданий мурас Эл аралык университети (Өзбекстан)
- Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (Казакстан)
- Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университети (Азербайжан)
Семинардын алкагында КУУнун башкы имаратынын 1-кабатында саат 10:00дөн 13:00гө чейин түркмөн элинин тарыхый-маданий мурастарына арналган көргөзмө уюштурулду. Иш-чаранын модератору түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн улук окутуучусу Курамаева Фаризат болду.
Семинардын ачылыш бөлүмүндө: КУУнун илимий иштер боюнча проректору Мырзабек Камчыбек уулу, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилигинин II катчысы Бахар Бердиева, аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин профессору Калимаш Бегалинова, «Жибек жолу» Эл аралык университетинин доценти Тулкин Султанов, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин илимий иштери боюнча проректору Азамат Калиев, К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын докторанты Хансывар Бахшалиев мырза куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Андан соң түркмөн маданиятына арналган кыска видео-тасма көрсөтүлдү.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө төмөнкү баяндамачылар баяндама жасашты: Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинин доценти Эмрах Йылмаз “ Тынчтык жана маданий дипломатия”; Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти Кахраманова Егане “Азербайжан жана Түркмөнстандын ортосундагы адабий-маданий жана тилдик байланыштар”; түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы Бурул Элебесова “Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстандын ортосундагы окуу, илимий жана маданий байланыштары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде уюштурулган иш-чаралардын мисалында”.
Семинардын суроо-жооп, пикир алмашуу бөлүгүндө түркология жана котормо таануу бөлүмү, Кыргыз-түрк «Манас» университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин студент, магистранттары уюштуруучу жана баяндамачыларга терең ыраазычылыктарын билдирип, Түркмөнстандын университеттеринде мобилдүүлүк программасы аркылуу билим алып келүү өтүнүчтөрүн билдиришти.
Ошону менен бирге Түркмөнстан элчилигинин II катчысы Бердиева Бахар айым Кыргыз улуттук университетинин жетекчилигине, эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментине, түркология жана котормо таануу бөлүмүнө, өнөктөш университеттерден катышкан илимпоздорго жана студенттерге ыраазычылык билдирип, алмашуу программалары боюнча иштер жүргүзүүлөрүн белгиледи.
Андан чоң жалпы катышуучулар үчүн КРдагы Түркмөнстан элчилиги тарабынан сый тамак берилди.
(С) Бурул Элебесова – түркология жана котормо таануу бөлүм башчысы, ф.и.к.,доц.