2025-жылдын 12-ноябрь күнү «Сенти» финансылык компаниясынын адиси Кыдыралиева М.С. Экономиканын жогорку мектебинин студенттерине каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча конок лекция окуду. Лектор каржылык билим берүү жана консалтинг жаатында чоң тажрыйбага ээ.

Туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу алкагында жана «Бүткүл дүйнөлүк аманат күнү» глобалдык жумалыгына карата өткөрүлгөн сабактын максаты – жаштардын жеке каржы, инвестиция жана аманат боюнча билимин жогорулатуу, о.э. өз каражаттарын башкарууга жоопкерчиликтүү мамилени тарбиялоо.

Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар каржылык инструменттер менен таанышып, кирешелер менен чыгашаларды, каржылык жүрүм-турумду талдоону үйрөнүштү. Ошондой эле каражаттарды туура пландаштыруу жана бөлүштүрүү боюнча пайдалуу сунуштарды алышты. Өзгөчө көңүл каржылык коопсуздукка, үнөмдөө, инвестициялар жана кредиттик продуктуларды туура колдонууга бурулду.

Сабак жандуу жана кызыктуу өттү. Катышуучулар активдүү катышып, пикирлерин бөлүшүп, тажрыйба алмашышты. Иш-чаранын уюштуруучулары: финансы кафедрасынын башчысы доц. Секиева Р.А., доц. Аташова А.К., доц. Эсенгелди кызы Алтынай жана «Жаш финансист» клубу «Сенти» компаниясына кызматташуусу жана сапаттуу маалыматы үчүн ыраазычылык билдиришти.

(С) Секиева Р.А. — финансы кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий