2025-жылдын 11-ноябрында Ысык-Көл областтык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Урмат Калиев Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун 1-2-курс студенттерине «Жазык-укуктук квалификация: түшүнүгү жана мааниси» деген темада конок лекция өттү.

Сабактын жүрүшүндө лектор жазык-укуктук квалификациянын теориялык жана практикалык аспектилерин кеңири түшүндүрүп, анын укук колдонуу ишмердүүлүгүндөгү маанисине токтолду. Ошондой эле прокуратуранын мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы жана коррупцияга каршы күрөштөгү ролун белгиледи.

Студенттер талкууланган темаларга чоң кызыгуу көрсөтүшүп, кылмыштарды квалификациялоо практикасы жана жазык мыйзамдарынын колдонулушу боюнча актуалдуу суроолорду беришти.

Лекциянын соңунда студенттер мазмундуу жана пайдалуу баяндама үчүн Урмат Калиевге, ошондой эле иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн доцент А Кубатбековага ыраазычылык билдиришти. Катышуучулар мындай лекцияларды тез-тез уюштуруп туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындай сабактар студенттердин теориялык билимдерин укук коргоо органдарынын практикалык иши менен айкалыштырып, келечектеги юристтердин кесиптик даярдыгын жана укуктук маданиятын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

(С) Супатаева Ж.Э. – Илим иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий