2025-жылдын 28-октябрында Биология факультетинин «Биоэкология» багытындагы 2-курс студенттери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинде “Борбордук Азияда жерди пайдаланууну климаттын өзгөрүшү менен интеграциялоо” аймактык программасынын алкагында ишке ашырылган “Батыш Тянь-Шандын негизги аймактарын коргоо үчүн комплекстүү суу бөлгүчтөрдү башкарууну ишке ашыруу” долбоору боюнча “Илбирс” фонду тарабынан өткөрүлгөн окутуучу сессияга катышты.
Семинардын максаты – биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана корголуучу аймактарды пландаштырууга басым жасоо менен суу бөлгүчтөрдү башкарууда институционалдык потенциалды күчөтүү.
Семинарда студенттер топтордо иштөө менен берилген тапшырмаларды аткаруу жана талкууга активдүү катышышты.
Сессияда алган билимдер ”Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары” дисциплинасынан алган билимдерин терең өздөштүрүүгө салым кошот деп ишенебиз.
(С) Карипова Назгүл – “Жалпы биология, экология жана лабораториялык иш” кафедрасынын ага окутуучусу