2023 жылдын 18-октябрынан бери Алтайдын Барнаул шаарында өтүп жаткан “Славян жана түрк элдеринин биримдиги: тарыхы жана азыркы абалы” аттуу III эл аралык Алтай таануу форумунун алкагында журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк Бүткүл россиялык телерадиокомпаниянын Алтайдагы филиалынын жетекчиси Олег Говорщенко менен жолугуп, келечектеги кызматташуу тууралуу сүйлөштү.
Кызматташуу бир нече багытта болмокчу: контент менен алмашуу, студенттердин өндүрүштүк практикасын федералдык телекомпанияда өтүүгө шарт түзүү, маалыматтык контент менен камсыздоо.
Алтай мамлекеттик университетинин гуманитардык илимдер институтунун директору Лариса Нехвядович менен болгон жолугушууда тараптар “Чоң Алтай”долборуунун алкагында аткарыла турган иштерди мерчемдеп, илимий-изилдөө, академиялык мобилдүүлүк жана маданий, чыгармачылык жаатында кызматташууга жагымдуу жагдай түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Алар о.э. быйыл эки дипломдуу билим берүү программасынын негизинде аталган эки институттун биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн диплом алышкандыгы – келечектеги иштердин алгачкы карылгачы катары кабыл алынаарын баса белгилешти.
Иш сапардын жүрүшүндө о.э. “Чоң Алтай” долбоору, УТРК, КУУнун журналистика жана коммуникация институту биргелешип “Чоң Алтай” аттуу орус-кыргыз тилдеринде чыгуучу телеберүүнүн концепциясы жана студиянын эскизи талкууланды.
(С) Ширин Костюк — журналистика жана коммуникация институтунун директору