2025-жылдын 23-октябрында Экономиканын жогорку мектебинин «Банктык иш жана салык салуу» кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы жана студенттери М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин илимий-изилдөө институтунда өткөрүлгөн «Финансы-кредиттик механизмдер жана алардын Кыргыз Республикасындагы экономикалык коопсуздукка жана экономикалык өсүшкө тийгизген таасири» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Конференциянын жыйынтыгында студенттерге мыкты докладдары жана баяндамалары үчүн сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле студенттердин беренелеринин ийгиликтүү аткарылышына көмөктөш жетекчилерине Т.С. Имаралиева жана Б.С. Тилекеевага, ошондой эле банктык иш жана салык салуу кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Б.Б. Есеналиевага ыраазычылык каттары тапшырылды.

(С) Бактыгуль Тилекеева – “Банктык иш жана салык салуу” кафедрасынын ага окутуучусу

Добавить комментарий